Медициналык колледж заманбап окуу-материалдык база менен жабдылган: окуу борбору, дарылоо-профилактикалык лабораториясы, электрондук китепканасы, компьютердик лабораториялары орто кесиптик билими бар медициналык кызматкерлерди даярдоо төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:
1. 060101 – “Жалпы медицина”, адистиги – фельдшер, окуу мөөнөтү – 3 жыл 6 ай
2. 060106 – “Ортопедиялык стоматология”, адистиги – стоматолог, окуу мөөнөтү – 2 жыл 10 ай
3. 060108 – «Фармация», адистиги – фармацевт, окуу мөөнөтү – 2 жыл 10 ай
4. 060109- “Медайымдар иши”, адистиги – медайым, окуу мөөнөтү – 2 жыл 10 ай
Кабыл алуу эрежелери:
Колледж 11-класстын негизинде ЖРТнын жыйынтыгы жок абитуриенттерди кабыл алат. Кабыл алуу кируу экзамендеринин натыйжалары боюнча конкурстук негизде жургузулет. Экзамендер төмөнкү предметтер боюнча бланктык комплекстүү тестирлөө түрүндө алынат: Химия Биология Орус/кыргыз тили
Кабыл алуу үчүн керектүү документтер:
• Билдирме
•3×4 өлчөмүндөгү 8 сүрөт (ак бурчу менен)
•Медициналык справка (форма № 086-У)
• Паспорттун көчүрмөсү
•Орто билими тууралуу аттестат (түп нускасы)
•Аскердик билет же каттоо күбөлүгү (көчүрмөсү)
• Папка
•Жумуш китеби (жаңы)
• Санитардык китеп (жаңы)
Окуу тили: орус тили
Окутуунун формасы: контракт
Окутуунун түрү: күндүзгү
Студенттер шаардагы эң мыкты клиникаларда окуудан жана практикалык окуудан өтүшөт. Медициналык колледж шаардагы 19 медициналык жана фармацевтикалык мекемелер менен келишимдик негизде кызматташат. Каракол шаарындагы негизги клиникалык пункттарда. Колледжде окуу кабинеттери жана лабораториялар бар. Окуу процесси колледждин окутуучулары тарабынан алдыңкы клиниктер жана тажрыйбалуу врачтар менен тыгыз байланышта жүргүзүлөт. Студенттер үчүн практикалык окуу планы медициналык мекемелердин базаларында жана потенциалдуу жумуш орундарында өткөрүлүүчү кесиптик модулдар боюнча окуу практикасын жана иш тажрыйбасын камтыйт. Практиканын бардык түрлөрү адистерди даярдоонун негизги максатына жетишүүгө көмөктөшөт.